Башкы прокурордун айтымында, учурунда долбоор боюнча терең анализделген эсептөөлөр болгон эмес. Оңдоп-түзөө сапаттуу жүргүзүлгөндө, эч кандай авария катталбашы керек эле, дейт Өткүрбек Жамшитов.
Ошондой эле, ал Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупция боюнча айыпталгандардын жашырылган мүлктөрү изделип жатканын билдирди. Алардын башка бирөөлөргө жазылган же оффшордук аймактарда катылган байлыктары бар-жогу, банктык эсептери текшерилүүдө.
Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.