Башкы прокурор: “Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыш тобунун 424 мүчөсү бар”

1085

Кыргызстанда 523 адам уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турса, алардын 424ү Камчы Көлбаевдин тобунда. Бул тууралуу Башкы прокуров Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште отчет берип жатып билдирди. Анын айтымында, каттоого алынгандардын 50сү Бокушевдин тобунун өкүлдөрү болсо, калганы Батукаевдин кылмыштуу тобуна кирет.

Мындан тышкары, башка топторго мүчө болгон дагы 941 киши каттоодо турат экен. Былтыр ар кандай кылмыштарды жасаганы үчүн милиция уюшкан криминалдык топтордун 241 мүчөсүн кармап, жоопко тарткан.

Алардын арасында криминалдык чөйрөдө жогорку тепкичтерде турган 3 адам бар экени белгиленди.