Башкы прокурор: Коррупцияга аралашкандардын мүлкү текшерилет (видео)

5240

Коронавирус менен күрөшүү үчүн эл аралык донорлордон бөлүнгөн каражаттар кайда жумшалган? Башкы прокурор Курманкул Зулушев журналисттерге алгачкы маалымат жыйынын берип жатып, ишин дал ушул суроодон баштай турганын билдирди. Ошондой эле, ал коррупцияга аралашты делген ар бир мурдагы жана учурдагы аткаминердин мүлкү текшерүүгө алына турганын да айтты.

Учурда буга чейин козголгон кылмыш иштеринин алкагында мамлекеттик бюджетке 400 миллион сомго жакын каражат которулуптур. Башкы көзөмөл органынын жетекчиси паракорлукка аралашты делген чиновниктердин бирөө дагы экономикалык мунапыстан пайдалана электигин айтууда.