Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов көр сатуу боюнча ишти көзөмөлгө алат

1111

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламенттин алдында прокуратуранын 2018-жылы аткарган иштери тууралуу маалымат берип, көр сатуу боюнча үч кылмыш иши козголгонун айтты.

«Көзөмөлгө алабыз. Жалпысынан үч кылмыш иши козголгон. Эки иш боюнча тергөө жүрүп жатат, бирөө боюнча сотко жиберилиптир, азыр сот жүрүп жатат. Тергөө жүрүп жаткан иштерди да көзөмөлдөп турабыз», деди Жамшитов.

Бишкектин Ленин райондук соту 8-февралда Уланбек Эгизбаевдин «Көрүстөндөгү коррупция» иликтөөсүнүн каарманы Максат Баялиевди даттануучуларга 20 миң сом доо төлөп берүүгө милдеттендирген чечим чыгарган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.