Башкы ветеринар Калысбек Жумаканов коррупцияга шектелип кармалды

5026

Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы Калысбек Жумаканов кармалды. Ал коррупциялык иштерге шектелип жатат. Аны менен катар эле жетекчилик кызматтагы бир нече киши колго түшүрүлгөн. Бул маалыматты УКМК таратты.

Билдирүүгө караганда, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы мамлекеттик инспекциядагы коррупциялык схеманы аныкташкан. Анда ири мүйүздүү жана майда мал жандыгына вакцина, биопрепараттарды сатып алууда бюджеттик каражат мыйзамсыз чыгарылып кеткени белгилүү болгон.

Атайын кызмат берген маалымат боюнча, ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын айрым кызматкерлери мамлекет үчүн пайдасыз келишимдерди түзгөн. Тагыраагы, малдын саны көбөйтүлүп жана препараттар кымбатыраак баада көрсөтүлгөн.

Мындан тышкары, мамлекеттик сатып алуулар боюнча тендерлерге башка компаниялардын катышуусуна тоскоолдук кылынган. Эсеп палатасынын аудитинин жыйынтыгына караганда, ири мүйүздүү малга бруцеллезго каршы вакцина алуу боюнча бир гана фактыда мамлекетке 31 миллион сом чыгым келтирилгени аныкталган.

Тергөө иштеринин алкагында УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоо жайына инспекция жетекчиси Калысбек Жумаканов, башкармалык жетекчиси, бөлүм башчысы жана лаборатория жетекчиси киргизилгени кошумчаланды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.