Башсыз сөөгү таштандыдан табылган аялдын өлүмүнө эже-сиңдилер шектелүүдө

939

Ош шаарында башсыз денеси таштандыдан табылган аялды өлтүргөн деген шек менен маркумдун келини кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясы кабарлады. Кылмышка шектүүнүн эжеси дагы кармалып, алар камакка алынды. Алдын ала маалымат боюнча, келин менен кайнененин ортосунда чыр чыгып, ага аял өз баласы менен келинин жашатпайм, дегени себеп болгон.

Маркум Чоң-Алай районунда туулган 51 жаштагы аял болгон. Ал келини жана уулу менен бирге жашаган. Кылмыш болгон күнү баласы ишке кеткен. Эске салсак, 27-август күнү таңында Ош шаарындагы таштанды салуучу контейнерлердин биринен 40-50 жаштардагы аялдын башы кесилген денеси табылган. Белгилүү болгондой, кылмышкерлер өлүктүн буттарын да кесүүгө аракет кылышканы аныкталган.