Батирде жалгыз калган 2,5 жаштагы кыздын ата-энеси кайда болгон? (видео)

1591

Бишкекте батирлердин биринде жалгыз калып ыйлап жаткан жеринен табылган бөбөк Кайра калыбына келтирүү борборуна өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Свердлов райондук администрациясынын башчысынын орун басары Асель Садыкова билдирди.

Алдын-ала маалыматтар боюнча, атасы жумушунда нөөмөткө чыккандыктан, карай турганга адам таппай, 2,5 жаштагы кызын жалгыз калтырууга аргасыз болгон. Ал эми апасы жумушчу сапары менен эки жумага Москвага кеткен. Бөбөк кайра атасына өткөрүлүп берилеби же балдар үйүнө жайгаштырылабы атайын комиссиянын чечиминен кийин белгилүү болот.