Баткен: чек ара боюнча сүйлөшүүнүн биринчи айлампасы аяктады

2834

Кыргызстан-Тажикстан чек арасындагы жагдай боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы аяктады. Эки тараптын жолугушуусу Баткен районунун Кызыл-Бел айылына чектешкен жердеги Тажикстандын Гүлистон айылында болуп, анда өкмөт мүчөлөрү жолугушту.

Кыргызстандын делегациясын вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектеп барган. Кошуна өлкөдөн болсо Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим сүйлөшүү жүргүзүүгө келген. Тараптар кыргыз-тажик чек арасында катталган акыркы окуяларды талкуулоо менен мындан ары чек арадагы элдин коопсуздугун камсыздоону күчөтүү, эл арасында түшүндүрүү иштерин активдештирүүнү макулдашты.

Ошондой эле, чек араны делимитациялоо ишин илгерилетүү зарылдыгын белгилешти. Жыйынга Баткен жана Согди областтарынын башчылары да катышты. Алар чек ара боюнча чыр-чатактарга себеп болгон маселелердин үстүндө биргелешип иштөө, жергиликтүү жашоочулардын арасында ынтымакты бекемдөө менен эки тараптуу кызматташууну жандантуу жаатында сүйлөшүштү.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.