Баткен: чек арадагы тирешүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат

748

Кыргыз-тажик чек арасында тургундардын тирешүүсү боюнча Баткен жана Исфара райондорунун акимдери жолугуп сүйлөшүүдө.

Бул тууралуу “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы билдирди. Жергиликтүү тургундардын айтымында, 12-сентябрда тажик тарап Кыргызстандын аймагынан уруксаты жок түтүк аркылуу таза суу алып өтүүгө аракет кылган.

Тажик тарап болсо Исфара районунун Тожикон айлына суу алып өтүүгө Баткен районунун тургундары кедерги болгонун билдиришүүдө. Түтүк аркылуу суу чыгарууга Ага Хан Фонду 55 миң доллардан ашуун каражат берген. Учурда бул иш убактылуу токтотулду.

Тажикстандык активист Адолат Рахимова суу долбоору Исфара райондук администрациясы тарабынан бекитилгенин айтты.

Жергиликтүү тургундар ортосунда буга байланыштуу тирешүү орун алган. Бул маселеге байланыштуу эки облус губернаторлорунун жолугушуусу да күтүлүп жатат.

Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Салкын Абдыкариева окуя болгонун ырастап, аймактагы тартип көзөмөлгө алынганын “Азаттыкка” кабарлады. Маалыматка караганда, маселе Көк-Таш, Ак-Сай аймагындагы жерге байланыштуу чыккан.

Жергиликтүү бийлик жолугушуудан соң расмий маалымат берилерин билдирди.