Баткен областы: Ак-Сайдагы көйгөйлөрдү чечүүгө мамлекет 220 млн сом бөлдү

1754

Баткен районундагы кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан Ак-Сай айыл өкмөтүндөгү жол, таза суу, мектеп жана бала бакча көйгөйлөрүн чечүү үчүн мамлекеттен 220 миллион сом каражат бөлүндү. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти. Бул каражатка аталган аймактагы социалдык объекттер, транспорттук инфраструктура жана ирригациялык тутумдар курулат деп белгиленүүдө.

Тактап айтканда, акчанын 150 миллиону «Көк-Таш — Ак-Сай, Ак-Сай — Тамдык унаа жолдорунун курулушун улантууга жана Ак-Сай — Рават унаа жолун салууга жумшалат. Ал эми Ак-Сай айыл өкмөтүндөгү Бакай участогунун тургундарын сугат суу менен камсыздоо үчүн 50 миллион сом, Ак-Сай айылындагы Ходжаев атындагы орто мектепти капиталдык оңдоп-түзөө иштерине жана Капчыгай, Ак-Татыр айылдарына бала бакча курууга жалпысынан 20 миллион сом бөлүнгөн.

Эске салсак, быйыл март айынын Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Эки тараптын тиреши 5 күнгө чейин созулуп, жыйынтыгында эки тараптын расмий бийлигинин сүйлөшүүлөрүнүн арты менен абал турукташкан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.