Баткен областында баңги заты ташылган эл аралык канал буулду

1049

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө автоунаа кармалып, андан 29 кг ооган маңзаты алынды. Иликтөөдө мындай товарлар Кыргызстан аркылуу КМШ мамлекеттерине транзит менен ташылып келгени аныкталды.

Учурда факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөрдүн шериктери изделүүдө.