Баткен областында бир катар жетекчилер алмашты (видео)

829

Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиянын иши март айында улантылат. Бул тууралуу өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев брифингдин жүрүшүндө билдирди. Сүйлөшүүлөр коронавирус пандемиясына байланыштуу токтотулган.

Назирбек Бөрүбаевдин берген маалыматы боюнча, Тажикстан менен чек аранын 60 пайызы макулдашылган. Калган бөлүмдөр өтө татаал болгондуктан, аны кыска убакыттын ичинде чечүү мүмкүн эместиги кошумчаланды. Бүгүн өкмөт үйүнүн алдында чек ара маселесине байланыштуу митинг өтүп, чогулгандар кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу жерлерди тез арада тактап берүү талабын коюшту. Ал арада  Баткен областынын жетекчиси жана аймактагы мекеменин башчылары алмашты.