Баткен областында жол кырсыгынан 4 адам каза тапты

798

Кырсык түндө Кадамжай районунда катталган. Сары-Алтын айылынын тургуну,  апасы, жубайы, 3 жашар кызы жана таежелери менен Кызыл-Кыя шаарынан тойдон чыгып, үйүнө баратканда кырсыкка кабылышкан.

Алдын ала маалыматтарга караганда, айдоочу автоунааны башкара албай калып бетон тосмону, андан кийин эт сатуучу дүкөдү сүзүп, машина аласалып кеткен. Анын кесепетинен, айдоочу, анын апасы жана таежелери ошол жерден каза болгон.

Ал эми жубайы, кызы жараат алып, Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жеткирилди.