Баткен областындагы шахтада 3 киши иске ууланып, каза тапты

916

Баткен областындагы Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагындагы шахталардын биринде 3 киши иске ууланып, каза тапты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, окуя кечээ кечинде катталган.

Жергиликтүү тургундар өз алдынча көмүр казып жатышып, 90 метр тереңдикте иске ууланып, чыга албай калышкан. Куткаруучулар 47, 45 жана 30 жаштагы үч кишинин сөөгүн чыгарышты.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалыматына караганда, быйыл кендерде адам өлүмү менен коштолгон 20га жакын кырсык катталган. Анын көбү көмүр кендеринде болду.