Баткен областынын Лейлек районунда «өзгөчө кырдаал» режими киргизилди

1420

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады. Кечээ нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп, турак-жайларды каптаган. Ошондой эле, селдин кесепетинен аймактагы Ак-Суу, Чоюнчу, Жар-Кыштак айылдары электр жарыгысыз калды.

Мындан тышкары, Лейлектеги Ак-Суу айылы менен Кара-Камар айылын байланыштырган жолдун бир нече чакырымын суу жууп кетип, каттам жабык турат. Жамгырлуу аба-ырайына байланыштуу Жалал-Абад областынын Аксы районуна да «өзгөчө кырдаал» режими киргизилгени кабарланды.

Маалыматтарга караганда, мындай чечим кечээ Аксы райондук Жарандык коргонуу комиссиясынын отурумунда кабыл алынган. Мындан тышкары, атайын штаб түзүлүп, жарандарды жаратылыш кырсыгынан коргоо боюнча бир катар тапшырмалар берилди.