Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жол кырсыгы катталды

1452

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы Кулатов көчөсүндө “Ласетти” жана “Портер” үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кырсыктын кесепетинен 4 адам жаракат алган. Жерине келген куткаруучулар жабыркагандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп берген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.