Баткен облусунун тургуну 4 килограмм нашаа менен кармалды

1008

Бишкекте Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан баңгизат ташыды деген шек менен Баткен облусунун 35 жаштагы тургуну кармалды.

Баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгынан билдиришкендей, кармалган адамдын “Мицубиси-Паджеро” үлгүсүндөгү автоунаасынан полиэтиленге оролгон төрт килограммдык шектүү зат алынган. Аны текшергенден кийин нашаа экени такталган.

Факты боюнча «Баңгизаттарды, психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Кармалган адам ИИМдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө уланууда.