Баткен, Ош шаарларында базарлар убактылуу жабылууда

3483

Коронавирус боюнча өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Ош шаарындагы 4 базар убактылуу жабылууда. Маалыматка ылайык, бүгүнтөн тарта борбордук автоунаа базары, унаа тетиктерин саткан соода жайлары, кийим-кече саткан борбордук жана «Келечек» базары иштебейт.

Ошондой эле мал базары дагы убактылуу жабылат. Жана дагы коомдук транспорттор токтотулат. Мындай аракеттер алдын алуу чаралардын алкагында жасалып жатат. Ал эми азык-түлүк саткан жайлар жана дарыканалар ишин токтотпойт.

Мындан тышкары, Баткен шаарында дагы ушундай эле чаралар көрүлүүдө. Аталган калаанын борбордук базары, Тажикстан менен чектешкен «Самаркандек» базары, «Кара-Бак» базары, Кадамжайдагы «Хальмион» базары жана башка дагы ушул сыяктуу ири базарлар иштебей турган болду.

Ошондой эле мал базарлары, автоунаа базарларынын иштешине да тыюу салынат. Азыркы тапта, жарандарга эл көп чогулган жерлерге барбоо сунушталууда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.