Баткен, сен жалгыз эмессин! Өкмөт үйүнүн алдында митинг өттү (видео)

1353

Баткен областындагы «Головной» деген аталыштагы суу бөлүштүрүүчү жай Кыргызстандыкы, Тажикстандын эч кандай тиешеси жок. Муну архивдик маалыматтар тастыктайт. Объект курулгандан бери «Баткен суу чарба каналы» ишканасынын карамагында. Кыргызстан эки тараптуу келишимдерди бузбай, эл аралык протоколдорду аткарып, андагы сууну кошуналарга бөлүшүп колдонуп келет.

Бул боюнча суу чарба департаментинин директору түшүндүрмө берип, Кыргызстандын объектисин башка өлкөнүн талашууга укугу жок экенин айтты. Ал арада бүгүн өкмөт үйүнүн алдында “Баткен, сен жалгыз эмессин!” — деген аталыштагы пикет өткөрүлдү. Ал эми шайлоочулар менен жолугушууга тарап кеткен парламент бүгүн чукул жыйын өткөрүп, маселени жабык эшик артында талкуулады.