Баткенде биринчи кезекте мектеп калыбына келтирилет (видео)

3984

Бир тараптуу аскердик агрессия учурунда талкаланган турак жайларды оңдоого кыргыз өкмөтү 700 миллион сом бөлдү. Анын 500 миллион сому социалдык объектилерди курууга жана ремонттоого жумшалат. Калган 200 миллион сому талкаланып, өрттөлгөн турак жайларды калыбына келтирүүгө багытталат.

Учурда келтирилген материалдык зыяндын көлөмүн эсептөө үчүн атайын комиссия иш алып барууда. Айрымдар талкаланган айылдарды калыбына келтирүү дирекциясын түзүүнү сунушташууда. Ошондой эле өкмөт жабыркагандарга жана каза болгондордун жакындарына материалдык жардам көрсөтүүнүн үстүндө иштеп жатыптыр.