Баткенде дагы кыргыз-тажик ортосунда тирешүү башталды (видео)

645

Жогорку Кеңеш Баткен областындагы кыргыз-тажик чек арасында 13-мартта болгон жаңжал боюнча өкмөттүн маалыматын жабык эшик артында укту. Жыйынга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү катышышты. Айрым депутаттардын маалыматына караганда, жыйындын жүрүшүндө Кыргызстан менен Тажикстандын расмий өкүлдөрүнүн ортосунда макулдашылган протокол боюнча талаш-тартыш маселе жаралды.

Отурумдун башталышында чек арадагы кырдаал боюнча түзүлгөн депутаттык жумушчу топтун мүчөлөрү Карамат Орозова менен Таабалды Тиллаев билдирүү жасашты. Анда мурдагы айрым аткаминерлердин аракетине юридикалык баа берүү талабы коюлду. Алардын кесепетинен убагында өлкө кызыкчылыгына каршы келген документтерге кол коюлуп калган, дешет эл өкүлдөрү.