Баткенде киши өлтүрүүгө шектүү катары маркумдун айылдашы кармалды

4970

Баткенде бир киши ок жеп каза тапты. Маалыматты аталган аймактык ички иштер башкармалыгынан тастыкташты. Ага ылайык, Бешкент айылынын 25-жаштагы тургуну үйүнө кирип келе жатканда, белгисиз бирөө ага карата ок чыгарып, ал моюнуна тийген. Жаракат алган киши ооруканага бараткан жолдо каза тапкан.

Көп өтпөй Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери бул ишке шектүү катары маркумдун 48-жаштагы айылдашын кармашкан. Анын жанынан ок атылган курал табылганы белгилүү болду.

Бул боюнча «киши өлтүрүү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда эки тараптын пикир келишпестиги эмнеден улам келип чыкканы териштилирип жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.