Баткенде Кытайга барып келген эки адам изоляторго алынды (видео)

3395

Баткен областындагы коронавируска шектелген 2 адамдан аталган илдеттин белгилери аныктала элек. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Бирок алар атайын изоляторго алынып, текшерүүдөн өтүшүүдө. Себеби алар көзөмөл өткөрүү пунктунун өтүп жатканда дене табы кыйла жогору экени байкалган.

Ал арада Бишкектеги ооруканалардын биринде «Макмал» алтын кенинде иштеген 8 кытай жараны көзөмөлдөн өтүүдө. Чет элдиктер 6 күн мурда Кыргызстандын аймагына киришиптир. Алар жумуштарына кайтууну көздөп, бирок буга Тогуз-Торолуктар каршылыгын билдиришкен.