Баткенде окуучулар эмдөөдөн өткөн кийин ооруканага жатып калышты

1188

Баткенде эмдөөдөн кийин абалы начарлап кеткен балдар боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги үн катты. Иммундук профилактика боюнча республикалык борбордун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова дарыгерлер катачылык кетирип, окуучуларды бир кабинетке киргизип, ийне сайгандыктан, алардын ичинен чочуп кеткен балдардын кан басымы көтөрүлүп кеткенин айтууда.

Баткен шаарындагы №3-мектептин 15 окуучусу вакцина алгандан кийин ооруканага кайрылган. Эмдөө алган балдардын арасынан башы айланып, төртөө жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Калгандары дарыгерлердин тешерүүсүнөн өтүп жатканы маалымдалды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, 5-класстын окуучуларына дифтерия жана селейме оорусуна каршы дары берилген. Учурда дарыгерлердин тобу окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.