Баткенде оруп-жыйноо өнөктүгү 10 күн мурда башталары күтүлүүдө

5244

Адистердин айтымында, кылкандуу дан эгиндерине кардын жааганы зыян келтирбейт. Учурда күздүк кылкандуу дан толугу менен кошумча азыктандырылды. Отоо чөптөргө каршы дарылар берилип, сугаруу иштери жүрүүдө. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, областта 5007 гектарга күздүк дан эгиндери себилген.

Быйылкы жылы жаз өткөн жылга салыштырмалуу эрте келди, буга байланыштуу оруп-жыйноо иштери 10 күнгө эрте башталаары күтүлүүдө. Белгилей кетсек, Баткен облусунун Кадамжай районунда Кыргызстанда биринчилерден болуп, оруп-жыйноо жумуштары башталат. Кадамжайлык дыйкандар быйыл түшүмдүн мол болушун күтүп жатат. Былтыр гектарынан 2,8 тонна түшүм алынган болсо, быйыл 3 тоннадан алуу күтүлүүдө.

Ал эми 9-апрелде Баткен облусунун тоолуу айылдарына жааган кар мөмөлүү бактарга канчалык зыян келтиргендигин атайын комиссия иликтеп жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.