Баткенде пара талап кылган сот аткаруучу убактылуу кармоо жайына киргизилди

1061

Баткен областынын Кызыл-Кыя шаарынын улук сот аткаруучусу пара менен кармалды. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматынын билдирүүсүнө караганда, шектүү 23-июлда колго түшкөн.

Ага каршы бир жаран кайрылып, сот аткаруучу соттун чечими менен камактан чыгарылган кыймылсыз мүлктүн 10 % үлүшүн, тактап айтканда 18 600 сом талап кылганын, андан тышкары дагы 10 миң сом мыйзамсыз сураганын айтып, арызданган.

Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «Пара талап кылуу» беренеси боюнча каттоого алынып, сотко чейинки тергөө иштери башталган. Пара менен кармалган улук сот аткаруучу Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.