Баткенде прокурорду өлтүрүү боюнча шек саналган жаран 2 айга камалды

811

Баткенде прокурорду өлтүрүү боюнча шектүү катары кармалган аткаминер эки айга камакка алынды.

Облустук соттун басма сөз кызматынын өкүлү Аскар Баймуратов билдиргендей, Кадамжай райондук соту облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыковдун үстүнөн 19-ноябрда ушундай чечим чыгарды.

Баткен облусунун мурдагы прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун сөөгү 18-ноябрда аймактагы тоо арасынан табылган. Милиция анын окко учканын билдирип, экспертиза дайындалган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрүү” беренеси менен иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Маркум ал күнү санаалаштары менен аңчылыкка чыкканы кабарланды. Анын өлүмү боюнча шектүү катары облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Мелис Калыков кармалган. Андан тышкары ошол күнү Мамажакыпов менен кошо мергенчиликке чыккан прокуратуранын алты кызматкери сурак берип жатканы белгилүү болду.

19-ноябрда Баткен облусунун прокурорунун милдетин аткаруучу болуп мурда Башкы прокуратурада иштеген Ороз Бердибаев дайындалды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.