Баткенде үйлөнүп жаткан жубайлар кырсыкка кабылып, унаа талкаланды

5606

Алар бара жаткан унаа менен жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Бул тууралуу областтык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Баткен шаарындагы Жибек Жолу жана Сыдыков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жол кырсыгынын кесепетинен «Мерседес-Бенц» унаасынан эки аял, бир эркек жабыркаган. Алар Баткен шаардык ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө кайрылышкан.

Бул окуя боюнча тийиштүү материалдар чогултулуп, териштирүү иштери жүрүүдө.