Баткенде жол кырсыгынан жабыркагандардын абалы оор бойдон калууда

634

Учурда ооруканада 22 киши дарыланып жатат. Кечээ күнү Баткен областынын Ак-Татыр айыл аймагында эки кичи автобус кагылышкан.

Анын кесепетинен бир адам мерт кетип, 23 киши ар кандай жаракаттарды алышты. Жол кырсыгынан жабыркаган төрт кишинин абалы өтө оор.