Баткендеги кагылыштан каза болгон өспүрүм кыз Мадина (видео)

6995

Бишкектеги бир катар ооруканалар кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан жабыркагандарды кабыл алууда. Бүгүнкүгө карата Баткенден атайын учак менен жеткирилген бейтаптардын саны 50гө чукулдады. Копчулугу — Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жаткырылды.

Алардын арасында минометтон жааган октон каза болгон 12 жаштагы Мадина Рахматжанованын апасы Нарбүбү менен 11 жаштагы сиңдиси Нурдиана бар. Эне-кыздын абалы оор болгондуктан, экөөнү тең Бишкекке которушкан.