Баткендеги кармоолор эмнеден кабар берет? (видео)

2355

Тажикстандын атайын кызматы кармап кеткен Лейлек районунун Жаштык айылынын 26 жаштагы тургуну Кыргызстанга өткөрүлүп берилди. Учурда бул окуя боюнча Кыргызстандын тиешелүү органдары териштирүү жүргүзүп жатканы да кабарланды. Ал арада, мындай окуялардын акыркы 2 апта аралыгында улам-улам кайталанып жатышы, жергиликтүү тургундардын тынчын алууда.

Анын үстүнө Баткен районунун Көк-Таш айылына жакын жерде 3 жолу ок атылды деген маалымат түшкөн. Ага чейинки чыр-чатактан улам Лейлек районунда жайгашкан чек ара бөлүктөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жаткан болчу.