Баткендеги прокурордун өлүмү боюнча иш эмне болду? (видео)

930

Кыргыз мамлекеттик Улуттук тарых музейин жана “Ак-Кула” ипподромун оңдоп-түзөөдөгү коррупциялык иштер боюнча 6 мурдагы аткаминерге айып тагылды. Алардын арасындагы экс-премьер-министрден тарта, президенттик аппараттын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мурдагы башчысы да бар. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламенттеги тармактык комитетте отчет берип жатып билдирди.

Ошондой эле, депутаттар башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдон Дача СУдагы авиакырсыкты иликтөө боюнча кандай иш-аракеттер көрүлүп жатканына да кызыгышты. Башкы көзөмөл органынын жетекчиси ал каргаша боюнча убагында токтотулган кылмыш иши кайра жанданганын билдирди.