Баткендеги сел үйлөрдү каптап, малды, унааларды агызды (видео)

3672

Баткен областынын Лейлек районунда «өзгөчө кырдаал» режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады. Кечээ нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп, турак-жайларды каптаган. Ошондой эле, селдин кесепетинен аймактагы Ак-Суу, Чоюнчу, Жар-Кыштак айылдары электр жарыгысыз калды. Мындан тышкары, Лейлектеги Ак-Суу айылы менен Кара-Камар айылын байланыштырган жолдун бир нече чакырымын суу жууп кетип, каттам жабык турат.