Баткендеги Төрт-Күл суу сактагычына эки адам чөгүп кетти

1438

Суу жээгиндеги сайраңдоо 2 адамдын өлүмү менен аяктады. Окуя Баткендеги Төрт-Күл суу сактагычында болгон. Маалыматка караганда, каза тапкандардын бири аскерде келишимдик негизде кызмат өтөп жүргөн ефрейтор болуп чыккан.

Ал 15-июнь күнү дос балдары менен үйлөнүү тойго келип, сүрөткө түшүү үчүн Төрт-Күл суу сактагычына барышкан. Ошол маалда Самаркандек айылынан келген 4 жигит сууга түшүп жатышкан. Алардын бири чөгүп жатканда, аны куткаруу максатында жоокер менен кошо 2 жигит сууну көздөй чуркашкан.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, ефрейтор биринчи жетип барып, чөгүп бара жаткан баланы жээкти көздөй тартып келе жатып, бирок экөө тең сууга кирип кетип, ошол бойдон чыкпай калышкан. Ошол эле күнү издөө иштери башталып, эртеси күнү экөөнүн денеси табылган.

22 жаштагы Бекжан Баткендеги аскердик бөлүктө 3 жылдан бери кызмат өтөп келе жаткан. Ал бир үй-бүлөнүн жалгыз уулу болчу.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.