Баткендеги жол кырсыгында 20дан ашуун адам жабыркады (видео)

1922

Баткен областындагы жол кырсыгында жабыркагандардын төртөөнүн абалы оор. Бир адам каза болду. Жалпысынан жыйырмадан ашуун адам түрдүү жаракаттар менен Баткен областтык ооруканасына жеткирилген. Алардын арасында жаш балдар жана өспүрүмдөр да бар.

Эки Мерседес-Спринтер сүзүшкөн авто кырсык Ош — Бишкек — Исфана жолунда, Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагында болгон. Алдын ала маалыматтарга ылайык, жүк тарткан жана жүргүнчү ташыган унаалардын бири катуу ылдамдыкта бара жатып, жолдун карама-каршы тилкесине чыгып кеткени себеп болгон. Учурда бул окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.