Баткенден Чүйгө баңгизат ташыган 2 жаран кармалды

3482

Баткенден Чүйгө баңгизат ташыган 2 жаран кармалды. Кылмышка шектүүлөрдүн биринин баштыгынан 6 килограмм героин табылган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Баңгизатты жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Милициянын маалыматына караганда, Чүй областындагы Ысык-Ата районунун стационардык постунан бир унаа токтотулуп, тинтүүгө алынган. Анда 33 жаштагы айдоочунун баштыгынан ак түстөгү, өзгөчө жыты бар зат табылып алынган.

Аталган факты «баңги каражаттарын мыйзамсыз ташуу, жөнөтүү» беренеси менен кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.