Баткендиктер кармалгандардын коё берилишин талап кылышууда (видео)

2132

Баткен жана Бишкек шаарларында чек ара маселесине байланыштуу митингдер уюштурулду. Анда негизинен 6 талап коюлган. Чогулгандар буга чейин кыргыз-тажик чек арасындагы чыр боюнча чагымчылдыкка шектелип кармалган 4 жаранды кое берүү, чектеш аймактарда элдик кошуундарды түзүү жана чек арачыларды күчтөндүрүү талаптарын айтышууда.

Ал арада, Тажикстанда өткөн кыргыз-тажик өкмөт мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы жарыяланды. Түнкү 12 чейин созулган жолугушууда эки тарап эмнелерди макулдаша алды?