Баткендиктердин пенсия-пособиелерин 2 эсеге көбөйтүү сунушталды (видео)

2086

Баткен областынын тургундарынын пенсия-пособиелерин 2 эсеге көбөйтүү керек. Мындай демилге бүгүн Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде сунушталды. Анда Баткен областына өзгөчө макам берүү жөнүндө документ каралып, эл өкүлдөрү анын концепциясын биринчи окууда колдоп беришти. Бирок мыйзам долбоору бир топ сын-пикирге кабылды.

Депутаттардын айтымында, документ чала иштелип чыгып, анда аймакты өнүктүрүү жаатында конкреттүү механизмдер көрсөтүлгөн эмес. Парламентарийлер мыйзам долбооруна Баткенди өнүктүрүү фондун түзүү жана аймактагы ишкерлерди салыктын бир топ түрүнөн бошотуу пункттарын киргизүү керектигин айтышууда.