Баткендин 2 айылынан аялдар менен жаш балдар көчүрүлдү (видео)

775

Түндө Ак-Сай менен Кок-Таш айылдарынан аялдар жана жаш балдар кичи автобустар менен Баткен шаарына жеткирилди. Алар №57-кесиптик лицейине жана бир уйго жайгаштырылган. Окуу жайдын имаратына 28 аял, 55 өспүрүм жеткирилген. Ал эми эки кабаттуу турак үйгө 100 адам жайгаштырылган, алардын 65-балдар, 35-аялдар.

Аксакалдардын чечими менен түндө айылдан чыгып кеткен 200дөй жарандын коопсуздугун азыр Баткен шаардык милициясынын кызматкерлери камсыз кылууда. Алардын айрымдарын Баткен шаарында жана башка айылдарда жашаган туугандары үйлөрүнө алып кетишкен.