Баткендин 2 чоң аймагында кайрадан сел жүрдү

851

21-майдан 22-майга караган түнү нөшөрлөп жааган жамгырдын натыйжасында, Кызыл-Кыя шаарындагы бир турак үйдү, 6 короону жана беш кабаттуу эки үйдүн жер төлөөсүн суу каптаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, окуя болгон жерге куткаруучулар тартылып, алар суу каптаган жерлерди тазалашты. Кечээ күнү Лейлек районунда да табият кырсыгы катталып, бир нече турак-жайды жана ички чарбалык унаа жолун суу каптаган.

Бүгүн жарандык коргонуу комиссиясы сел каптаган аймактарда кошумча тактоо иш-чараларын жүргүзүшөт. Кырсыктын кесепеттерин жоюу жумуштары уланууда.