Баткендин 3 районунда «өзгөчө кырдаал режими» алына элек (видео)

835

Баткендин 3 районунда өзгөчө кырдаал режими сакталууда. Бүгүн премьер-министр Мухеммедкалый Абылгазиев Баткен областындагы сел каптаган айылдарга барып, жабыркагандардын абалы менен таанышты. 3 күн мурда катуу жааган жаандын кесепетинен, Баткендин Кадамжай, Лейлек жана Баткен райондорунда 259 үйдү сел каптаган. Мунун натыйжасында, бир нече турак үйлөрдүн дубалдары урап, жараксыз абалга келген. Жаратылыш кырсыгы болгон күнү эле областтын 3 районунда тең өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бүгүнкү күнгө чейин жергиликтүү бийлик менен өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары селдин кесепеттерин жоюу иштерин улантып жатышат.