Баткендин прокурору эмнеге өлтүрүлдү? (видео)

1531

Баткен областынын прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү боюнча 7 адам сурак берип жатат. Баткен областтык ички иштер башкармалыгы кабарлагандай, бул окуяга байланыштуу маркум менен бирге аңчылыкка чыккан 6 прокурор дагы көрсөтмө берүүдө. Кылмышка шектүү катары Баткен областтык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалды.

Прокурорду мыкаачылык менен өлтүрүү фактысы боюнча эки кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө. Соңку 2 жума аралыгында Баткен областында бийлик өкүлүнө ушуну менен экинчи жолу куралдуу кол салуу болуп жатат. Буга чейин жергиликтүү кеңештин төрагасына ок атылып, ал эки күн мурда көз жумду.