Батукаевдин бошотулушу боюнча жактоочу Али Касымов кармалганы айтылууда

1020

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча 19 адамга айып тагылды. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов алардын баарына айып тагылып, тергөө амалдары улантылып жатканын маалымдады.

Бул иш боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев экс-президент макамы алынган соң, 3 жолу Ички иштер министрлигине күбө катары чакырылган. Бирок ал көрсөтмө берүүдөн баш тарткан.

Мыйзамдагы ууру деп аталган Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча дагы бир адам кармалганы айтылууда. Ал 80 жаштагы жактоочу Али Касымов деген маалыматтар бар. Касымов Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына киргизилген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.