Батукаевдин иши боюнча шектүүлөр көбөйүүдө (видео)

919

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча кайра жандандырылган кылмыш ишинде суракка чакырыла турган аткаминерлердин саны арбыды. Ички иштер министрлигинен маалымдашкандай, алардын саны 20дан ашышы мүмкүн.

Буга чейин «мыйзамдагы уруунун» маселеси боюнча жалпысынан 6 дарыгер суракка чакырылып, үчөөсү камакка алынган. Ал эми 6 жыл мурда Жогорку Кеңеште түзүлгөн депутаттык комиссиянын тыянагында болсо, бул ишке тиешеси бар деп ошол убактагы жогорку кызматтагы 30дай адамдын ысымдары көрсөтүлгөн.