Батукаевдин иши: ЖК депутаты Зарылбек Рысалиев ооруканадан чыга элек

857

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда мыйзамсыз чыгып кетиши боюнча кылмыш ишинде сурак берип жатып, абалы оорлошкон Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев ооруканадан чыга элек.

Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караштуу атайын оорукананын жетекчилигинин айтымында, Рысалиевдин абалы “орточо оор” бойдон турат.

Эске салсак, эл өкүлү 7-июнда Ички иштер министрлигинде сурак берип жатканда өзүн жаман сезип, ооруканага жеткирилген. Ал алгач жандандыруу бөлүмүндө жатып, кийин палатага которулган. Анда депутаттын инсульт алуу кооптуулугу да жогору экени айтылган болчу.

Белгилей кетсек, Азиз Батукаев 2013-жылы “айыккыс илдетке чалдыкты” деген негизде мөөнөтүнөн мурда абактан бошоп, Россияга чыгып кеткенде Зарылбек Рысалиев Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматын жетектеп турган. Бул иште шектүүлөрдүн саны 15ке жетип, алардын тени тергөө абактарында кармалышууда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.