Батукаевдин иши: Онколог-дарыгер Эмил Макимбетов үй камагына чыгарылды

728

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз чыгып кетүүсү боюнча кармалган онколог-дарыгер Эмил Макимбетов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Ага ылайык дарыгердин бөгөт чарасы Бишкек шаардык сотунда 25-июнда каралган. Макимбетовду үй камагына чыгарууга эмне негиз болгону ачыкталган жок. Бирок буга чейин анын адвокаттары тергөө менен кызматташуу жөнүндө сунуш болгонун билдиришкен.

Эске салсак, бир нече өзгөчө оор беренелер менен айыпталып соттолгон кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылдын апрелинде рак илдетине кабылды деген негизде мөөнөтүнөн мурда абактан бошонуп, Россияга чыгып кеткен. Буга байланыштуу кылмыш ишин иликтөө быйыл жыл башында жанданган.

Анын алкагында 6 жыл мурда «Батукаевге ак кан оорусуна чалдыкканы тууралуу аныктама берген» деген шек менен онколог-дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Буга чейин алардын экөө үй камагына чыгарылганы белгилүү болгон. Ал эми бул иште шектелгендердин саны жалпысынан 15 кишиге жетти.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.