Батукаевдин иши: УКМКнын экс-төрагасы Бусурманкул Табалдиев изделүүдө

681

Коргоо кеңешинин мурдагы катчысы, Улуттук коопсуздук комитетинин экс-төрагасы Бусурманкул Табалдиевге издөө жарыяланды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Мекеменин Тергөө кызматы тарабынан кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Жазык кодексинин «Коррупция» боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жатат. Бул ишке байланыштуу Бусурманкул Табалдиевдин кайда экени аныкталбагандыктан издөө жарыяланды, — дешет тартип сакчылары.

Эске салсак, өткөн аптада эле «24.kg» маалымат агенттиги укук коргоо органдарындагы өз булактарына таянып, Бусурманкул Табалдиевди укук коргоо органдары таппай жатышканын жана ал Түркияга чыгып кетиши ыктымал экенин жазып чыккан.

Табалдиев кримтөбөл Азиз Батукаев мөөнөтүнөн мурда абактан бошогон 2013-жылы ошол убактагы Коргоо кеңешинин катчысы болуп иштеп турган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.