Батукаевдин ишинде шектүүлөр арбыды (видео)

600

Дагы бир жаңжалдуу иш боюнча камакка алынгандардын тизмеси узарууда. Азиз Батукаевдин ишине байланыштуу мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Анын артынан эле жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси, тагыраак айтканда, Зарылбек Рысалиевдин жардамчысы Калыбек Качкыналиев камакка алынды. Муну менен чуулгандуу ишке тиешеси бар делгендердин саны сегизге жетти. Анын алтоо врач-онкологдор. Батукаевдин иши боюнча барган сайын жогорку кызматтагылар кармалууда.