Батыш менен мамилелер РФ менен кызматташууга тоскоол болбойт (видео)

1306

Кыргызстан коп вектордуу тышкы саясат жүргүзгөнү максатка ылайыктуу. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун жакында эле Европа биримдиги менен Түркияга болгон сапарлары боюнча өз пикирлерин билдирген саясат таануучулар айтышууда. Батыш менен мамилени тереңдетүү Россия менен болгон алакалардын солгундоосууна алып келет, деген айың-кептер суу кечпейт, дешет адистер. Кыргызстандын тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыттарын, өлкөнүн бешинчи президенти өзүнүн инаугурациялык сөзүндө так көрсөткөн. Анда Россия биздин мамлекеттин стратегиялык өнөктөшү экени белгиленип, ошону менен бирге Батыш өлкөлөрү менен дагы кызматташуу күчөтүлөөрү айтылган болчу. Андыктан президент Жээнбековдун соңку чет элдик сапарларын кандайдыр бир мандем издөөгө эч негиз жок, дешет серепчилер.