Базаларда көмүр түгөнүп, Бишкекте баасы 6 миң сомдон ашты (видео)

1968

Кара-Кечедеги жер көчкүдөн улам, аймактарга көмүр жеткирүү кыйындады. Жумгал районунда жайгашкан кенде болжол менен 50 миң кубга жеткен көчкү түшүп, бир экскаваторду топурак басып калган. Бактыга жараша, кырсык болгон учурда техниканын ичинде айдоочусу болгон эмес. «Кыргыз көмүр» ишканасынан билдиришкендей, окуя көмүр казылбаган аймакта болгон.

Андыктан жаратылыш кырсыгына байланыштуу кара отунду казып алуу үзгүлтүккө учурабайт деп ишендиришүүдө. Бирок Бишкек шаарында бир нече кампалар бош калып, көмүр издеген шаар тургундарын бир топ түйшүккө салып койду. Айрым жайлар болсо бул учурдан пайдаланып, отундун тоннасын 6000 сомдон ашырып жатышат.